• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сулумбек Узеналиев Талас облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Талас облусунун мусулмандар казысы болуп Сулумбек ажы Узеналиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев жаңы дайындалган Талас облусунун мусулмандар казысын жалпы эмгек жамаатка тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалап, казыят, хатибият жана аймактагы дин кызматкерлери менен биргеликте элибиздин руханий жан дүйнөсүн агартууда бардык мүмкүнчүлүктү жумшоо керектигин билдирди. Муну менен катар азирети муфтийдин орун басары элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, улуттар арасындагы достукту чыңдоо керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Талас облусунун мурдагы казысы ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович 1977-жылдын 29-майында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген.

Үй-бүлөлү, эки уул, бир кыздын атасы.

Пикир

Оставить комментарий