• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Немец компаниясына Кыргызстанда тоок жана балык продукцияларын кайра иштетүүчү завод куруу сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен BAADER немец компаниясына барды.

Элчиликтен маалымдашкандай, компания тоок жана балык этин кайра иштетүү үчүн инновациялык жабдууларды чыгарууга адистешкен. BAADER`дин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда катышуучуларга ишкананын инновациядагы жана адистерди даярдоо жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле, өндүрүш процесстеринде колдонулган заманбап технологиялары көрсөтүлдү.

BAADER менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо учурунда өлкөдө тоок жана балык азыктарын кайра иштетүүчү жогорку технологиялык заводду куруу маселеси каралды. Мындай долбоорду ишке ашыруу агроөнөр жай секторун модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө салым кошо алат.

Дипломатиялык корпус компаниянын ишин жогору баалап, экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, BAADER компаниясынын өкүлдөрүнүн келерки жылы Кыргызстанга келүүсү алдын ала макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий