• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Невролог инсульттун негизги белгилерин атады

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Эпилепсия оорусу жана кээ бир атиптик симптомдор инсульттан кабар берет. Медицина илимдеринин кандидаты, невропатолог Ольга Голубинская “Sputnik” радиосуна берген маегинде инсульттун атиптик белгилерин атады.

Дарыгердин айтымында, инсульттун атиптик белгилери, башкача айтканда, мээнин кан айлануусунун бузулушу, биринчи кезекте кайсы тамырлар жабыркаганына жараша болот.

“Эгер инсульт оң же сол орто мээ артериясында болсо, бул типтүү симптомдор болот. Инсульттун айкын, типтүү белгилери – буттардын парези же шал болушу, беттин асимметриясы, эсин жоготуу, сүйлөөнүн бузулушу, баштын катуу оорушу, эс тутумдун начарлашы.

Кээде эпилепсиялык талма инсульттун эскертүүчү белгиси болуп калышы мүмкүн, аны эстен танып калуу менен чаташтырып албоо керек. Кээ бир неврологиялык симптомдор зыянсыздай көрүнгөнүнө карабастан, аларга көңүл бурбай коюуга болбойт", - деп эскертти Голубинская.

Невролог Ольга Голубинская эч кандай неврологиялык симптомдорду этибарга албай коюу маанилүү: колдун, жаактын сезилиши, беттин бузулушу, манжалардын учтарынын кычышуусу, баш оору-мунун баары дарыгерге кайрылууну талап кыларын айтат.

Эгерде мындай сигналдарга көңүл бурбай, оору өзүнөн-өзү кетет деп ойлосоңуз, катуу кармаган мээ кан тамырынын бузулушу кайталанып, андан да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле дарыгер таза абада кыймылдап, күнүнө суюктукту жетиштүү ичүү жана оң эмоционалдык маанайды сактоо менен инсульттун алдын алууга болорун белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий