• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Ноокат районунда 275 орундуу мектептин курулушу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуштун маалыматына ылайык, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча мектеп 4 блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук зал, ашкана, сырткы ажаткана, кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.

"Учурда мектептин курулушу 75 пайызга бүткөрүлдү. Курулуш-монтаждоо иштери “Грузо-Трейд” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий