• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ноокат районунда 48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Ноокат районунда 48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген.

Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылды. Натыйжада, Ош облустук прокуратурасы тарабынан прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 93 млн 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.

Пикир

Оставить комментарий