• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ноокат районунун тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ноокат районунда өзгөчө оор өлчөмдө баңгизаты алынып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июлда "Кара-Куурай" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө Лейлек районунун аймагында "Ө" аттуу адам өзгөчө ири өлчөмдө афган тектүү баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ычам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында ошол эле күнү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, айдоочусу Ноокат районунун тургуну 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран болгону аныкталган. Автоунааны тинтүү учурунда пияз салынган баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон брикет болгон. Анын ичинен жалпы салмагы 2 кг 900 граммды түзгөн өзгөчө жыты зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат ооган тектүү "гашиш" баңгизаты экени аныкталган.

Кармалган 1985-жылы туулган А.Ө. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий