• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ноокат РЭТинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Ноокатта райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, Ноокат районунун электр тармактары ишканасынын инженери үйгө үч фаза ток киргизүү үчүн 60 миң сом акча каражатын талап кылып жатканын билдирген.

Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Күн мурун жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө иш бөлмөсүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда Ноокат РЭТинин сатуу бөлүмүнүн инженери 1980-жылы туулган М.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий