Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Ноокатта эки тургунду сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-октябрь күнү саат 00:20 чамасында болгон. Анда "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу Ноокат районунун тургундары 1967-жылы туулган Б.А жана 1980-жылы туулган Б.В.ны сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.
Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, Ноокат райондук жол инспекторлору тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Натыйжада 2001-жылы туулган айдоочу Б.у А.нын унаасын үйүнө токтотуп койгон жеринен кармап, Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий