• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 15:44тө катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий