Ноокатта селден каза болгондордун экөөсү Казакстандын жарандары болгон

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун арасында Казакстандын жашы жете элек жарандары бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин эки баланын сөөгү табылган, дагы экөөнү издөө иштери жүрүп жатат.

"Казак дипломаттары жергиликтүү бийлик менен дайыма байланышта. Биздин Кыргызстандагы элчилигибиз каза болгон балдардын жакындарына бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат. Бул трагедия Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Мурат Нуртлеу менен Кыргызстан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдын жагдайлары жана эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү белгиленди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий