Ноокатта селден жабыркаган 55 электр тирөөчүнүн 34ү калыбына келтирилди

Аймак 0


Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Ноокат районунда 1-июль саат 20:00гө карата селден жабыркаган 10 кВ электр чубалгыларынын 55 тирөөчтөрүнүн 34ү калыбына келтирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Мындан тышкары, ВЛ-6 кВ водозабору жана "Абшыр" көмөкчордонуна чыңалып, анын аркасында 150 абонентке электр жарыгы берилди.

Жеринде Ноокат, Араван, Ош, "Сулайман-Тоо" жана башка РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору 15 атайын техника менен 40 техникалык кызматкер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Мындан тышкары, алар табигый кырсыктан жабыркагандарга үйлөрүн тазалоого жардам берүшүүдө.

Энергетиктер электр жабдууларын тез калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүшүдө.

Калыбына келтирүү иштери "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын филиалы болгон Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери тарабынан жүргүзүлүүдө. Ыкчам иштерди "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" башкы директору Алтынбек Рысбеков жеринде көзөмөлдөп жатат.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, кийин алардын бардыгы эвакуацияландган.

Тилекке каршы селден 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий