Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 252 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 252 адам тартылып, алардын 152си куткаруучулар болсо 100ү жергиликтүү тургундар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагына издөө-куткаруу ишине 85 куткаруучу чыкты. Алар Апшыр-Ата айылындагы Апшыр-Ата сел сайында издөө ишин жүргүзүп башташты.

Мындан сырткары, аталган айыл аймакта 67 куткаруучу тарабынан сел суусу кирген жалпы 20 турак үйдү тазалоо башталды. Жалпы 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнда 8 турак үй тазаланган.

Жеринде ӨКМдин 16 атайы инженердик техникасы иштеп жатат. Ошондой эле Жарандык коргоо кызматтары жеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы дайыны чыкпай жаткан бир адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий