• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ноокен райондук электр тармактары кышка 95 пайыз даяр

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Ноокен райондук электр тармактары 2024-жылга мерчемделген 133,9 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгысы оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми утурумдук оңдоо боюнча мерчемделген 509 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгыны оңдоо иштери аяктады. 10-0,4 кВ 13,7 чакырым аба чубалгысын реконструкциялоо иштери мерчемделип, 11,4 чакырымы аткарылган.

Ошондой эле 52 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлгөн болсо, 202 трансформатор утурумдук оңдоп-түзөөдөн өттү.

Ноокен РЭТинин башчысы Уланыч Чолпоновдун айтымында, ар бир жумуш ыргагы план боюнча аткарылууда. Жыл башынан бери 903 темир-бетон мамыча орнотулду. Учурда күз-кыш мезгилине 95 пайыз даяр.

Бул иштер Ноокен районунун бардык бурчунда калкка туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий