• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто катталган катуу шамалдын күчү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда ылдамдыгы секундасына 22-27 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамал 23-майда болжол менен саат 19:50 чамасында катталган.

Шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында 15 үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган. Андан сырткары 5 жаштагы кызды талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген. Абалы жакшы.

КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий