Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Ноокенде 6 жаштагы кызды зордуктаган эркек киши өмүр бою эркинен ажыратылды.
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун чечими менен П.А.С. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында үч окуучу (0-класстын) мектептен үйүнө кайтып келе жатканда 28 жаштагы эркек киши аларды үйүнө чакырып алган. Андан соң ал кыздардын бирин кошуна имаратка алып барып зордуктаган.
Пикир
Оставить комментарий