• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноокенде арык каналдарды тазалоо иштери 70 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон районунун беш айылындагы талаа жумуштарына суу жеткирүүчү Оң-Жээк каналы оңдолууда.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жазгы талаа иштерине карата Ноокен районундагы арык каналдарды тазалоо жумуштарынан кабар алды.

Аймактагы Оң-Жээк каналынын жалпы 4 чакырым 673 метр аралыгын оңдоо пландалган. Бул жылга анын 800 метрин бетондоо иштери аткарылып, аяктоо алдында турат. Ал "Азия өнүктүрүү" банкы тарабынан каржыланып, 118 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан сырткары, облус башчысы Масы айылындагы сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн жер алдынан суу алуучу скважиналарды көрүп чыкты. Бул жылы райондун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен айылга 4 скважина курулган. Ага 6 миллион 300 миң сом акча каражаты сарпталган. Натыйжада айылдагы 220 гектар жер аянтын суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү жаралган.

Ыйгарым укуктуу өкүл район аймагындагы талаа жумуштарына чарбалар аралык арык каналдарды тазалоо, айдоо аянттарына суу жеткирүү даярдыктарын өз убагында көрүүнү эскертти.

Пикир

Оставить комментарий