• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиционерлер чет өлкөлүк туристтин жоголгон буюмдарын таап беришти

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиционерлер чет өлкөлүк туристтин жоголгон буюмдарын таап беришти.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынан билдиришкендей, "Кыргызское взморье" санаторийинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргѳн полктун кызматкерлерине Россиядан келген турист кайрылып, сумкасын жоготуп алгандыгын айтып жардам сураган.

Ошол замат полктун 1-батальонунун кызматкерлери Орозбек Кудайназаров, Ѳктѳм Айдаров жана Арген Керимбеков эс алуучу жайдын айланасындагы орнотулган видеобайкоо камералардын жардамы менен ыкчам иш-чара жүргүзүп, жоголгон сумканы таап ээсине кайтарып беришкен. Сумканын ичинде уюлдук телефон, 130 миң рубль, 20 миң сом жана керектүү буюмдар болгон.

Россиялык турист эл-жери үчүн күн-түнү кызмат ѳтѳп жаткан тартип сакчыларына терең ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий