Ноокенде бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Шайдан айыл аймагында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана элдик кошуундар катышты.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер Алма, Тотонбай, Жаңы-Турмуш, Кыргоо, Эски-Масы, Тоскоол, Бирдик жана Шайдан-Сай айылдарын кыдырып, кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, мал уурулуктун жана балдар арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Паспорттук эреже боюнча 1965 атуулду камтыган 479 кожолук, 7 мечит, 11 дүкөн жана милициянын профилактикалык каттоосунда турган 13 жаран текшерилди. Мындан сырткары, 9 мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн ок атуучу куралдары жана аларды сактоо эрежелери көзөмөлгө алынды.

Бирдиктүү алдын алуунун жүрүшүндө КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында 4 протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий