Ош - Бишкек жолунун кооптуу бөлүгүнө жол чийимдери чийилди

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусу аркылуу өткөн Ош - Бишкек унаа жолунун Базар-Коргон районундагы Акман жана Бешик-Жон айылдарынын кесилишиндеги үч бөлүгүнө жол чийимдери чийилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин өлкөнүн түштүк облустары менен борборду байланыштырган негизги унаа жолдун аталган бөлүгүндө кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан улам жаралып келген. Аны жөнгө салуу максатында район акиминин тапшырмасы менен атайын жол сызыктары түшүрүлдү.

Учурда Ош - Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад - Маданият аралыгында реконструкциялоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу толук ишке берилгенге чейин жол чийимдерин жаңылап туруу жумушу “Азвирт” компаниясына жүктөлгөн.

Мындан сырткары, район акими Бешик-Жон жана Акман айыл аймагынын башчыларына кооптуу тилкеге жол чырактарын орнотуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий