• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Ноокенде өспүрүм кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Ноокенде жаш өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн М.А. аттуу жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, М.А. ата-энеси ажырашып, кызын туугандарына калтырып, өзүнчө жашашат.

Бул факты Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ыплас аракеттер" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран 2023-жылдан баштап М.А.га карата бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. кармалып, эки айга камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий