Ноокендеги 5 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыз болот. Долбоор башталды

Аймак 0

бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айыл аймагында капиталдык салымдар беренесинин эсебинен таза суу долбоору башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Билдирүүдө айтылгандай, таза суу долбооруна жалпы 54 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Демилге ишке ашса Масы айыл аймагынын беш айылындагы 4 миңге жакын кожолукка ичүүчү суу жеткиликтүү болот. "Аны менен катар ушул эле айылга республикалык бюджеттен 31 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 50 орундуу бала бакчанын курулуш иштери башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий