• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ноорузбек Арстанбеков ТүркПАнын башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Чолпон-Ата, 24.06.22. /Кабар/. Ноорузбек Арстанбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Чечим бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын XI пленардык жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Мехмет Сурэй Эр ТүркПАнын башкы катчысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий