Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Сокулук районунун (Чүй облусу) Новопавловка айылындагы автобазанын аймагында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, автобазанын (мындан мурда өрт эски заводдун аймагында чыкканы айтылган – ред.) аймагындагы Техникалык тейлөө станциясынан (СТО) чыккан өрт саат 11:47де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий