• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Нурланбек Шакиев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык иштиктүү практикалык түрдө өнүгүп жатканын белгилеп: "Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар ийгиликтүү ишке ашырылууда. Биз Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани беребиз, аткени Германия – Европадагы эң жакын жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири. Кыргызстан калыптанган алакаларды дагы кеңейтип, өнөр жай, тоо-кен, туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдар", – деген төрага элчиге, германия тарапка социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, парламенттер аралык алакалар тууралуу кеңири кеп кылган Жогорку Кеңештин төрагасы: "Германиянын парламенттаризм жаатында тажрыйбасы чоң. Ага ылайык, парламентаризм, демократиялык өнүгүү жана адам укуктары жаатында тажрыйба алмашып, Бундестаг менен парламенттер аралык диалогду, анын ичинде тармактык комитеттердин жана достук депутаттык топторунун деңгээлинде активдештирүүгө кызыкдарбыз", – деди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон төрага Германия менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелерде негизги орунду ээлерин белгилеп: "Учурда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 500 миллион АКШ долларын түзөт. Биз инвестиция жаатында тыгыз иш алып барып, бул көрсөткүчтөрдү эселеп көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөр өтө чоң", - деди.

Ошону менен бирге соңку убактарда Германия мамлекетинде иштеп жаткан кыргызстандыктарга түзүлгөн шарт-жагдай жакшырганын айткан Төрага муну менен катар аталган өлкөнүн алдыңкы окуу жайларында окууну каалаган жаштар көп экенин белгиледи. "Андыктан, Германиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга умтулган студенттерге квотаны көбөйтүү маселесине элчи катары өзгөчө көңүл бурасыз деген ишеничтемин", – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил да айтылган сунуштарды эске аларын белгилеп, эки тараптуу алакалардын учурдагы абалына, Германиянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы конкреттүү инфраструктуралык долбоорлорго токтолду. Мындан тышкары Габриэла Геллил Төрагадан мамлекеттик билим берүү программасынын алкагында мектеп окуучуларына немис тилин үйрөтүүнү кайрадан жандандырууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, тил билүү келечек ээлерине чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий