• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Нурзат Нуртаева Болгариядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге утту

Спорт 0

Бишкек, 19.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Болгариядагы 20 жашка чейинки кыздар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 15-21-августта София шаарында өтүүдө. Нуртаева 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.

Ал алгач молдовалык, анан италиялык жана германиялык спортчуларды утуп, финалга чыкты. Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы япониялык спортчуга 0:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Белгилей кетсек, Бермет Нурдин кызы (62 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) аталган мелдеште коло үчүн күрөшөт.

Буга чейин эркин күрөш боюнча кыргызстандык Мухаммад Абдуллаев (79 кг) коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий