• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Кыргызстан менен Ирандын дипмамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Кечээ,18-августта Душанбе шаарында Тажикстандын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он жетинчи жыйыны өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Ирандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Мухаммад Муссадыктын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Замирбек Базарбеков 1992-жылы Иран Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын жана быйыл Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын белгиледи.

"Ошол учурдан тартып эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимге, салттуу достук мамилелерге салым кошкон стратегиялык өнөктөштүктүн чыңдалышы башталды. Бул мезгил аралыгында эки өлкө бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты кадам сайын өнүктүрүп, бекемдеди. Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгы эки тараптуу гана эмес, БУУ, Ислам өнүктүрүү банкы жана ШКУ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында көп тараптуу негизде өнүгүп жатат", - деди Базарбеков.

Өткөн жылы саммитте мамлекет башчылары Иранды ШКУга мүчө-мамлекет статусун берүү чечимин кабыл алышкан, бул Ирандын Жогорку сотунун сот системасын уюштуруу, ошондой эле сот практикасынын маселелери боюнча иш тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, ШКУ 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери тарабынан негизделген эл аралык уюм. 2016-жылы уюмга Индия жана Пакистан кирген.

Пикир

Оставить комментарий