• 87
  • 90.55
  • 0.84

Октябрь акимчилигинин имараты жарыктандырылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь акимчилигинин имараты жарыктандырылды.

Мэриядан маалымдашкандай, долбоордун алкагында 40 торшер орнотулуп, алардын ар бири кубаттуу чырактар менен жабдылган. Системанын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн адистер узундугу 700 метрден ашык кабель тартты.

Акимчиликтин шаардын так ортосунда жайгашканын эске алуу менен оригиналдуу торшерлер объект үчүн атайын иштелип чыгып, аймактын кооздугуна жана архитектуралык стилине басым жасалды.

Белгиленгендей, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы жума сайын шаардын бирден көчөсүн жарыктандырууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий