• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Суу ресурстары кызматы суунун жетишсиздигине каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. КР Суу ресурстары кызматынын оңдоо-куруу бөлүмүнүн башчысы Зарина Ибраева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында суунун азайышына каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, суунун жетишсиздигинин 2021-жылы башталган.

"Ошол учурдан тартып биз тараптан арыктарды бетондоо, оңдоо жана тазалоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Жалпысынан бул багытта иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жыл сайын кеминде 700 км канал бетондолуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп, тазаланууда", - деди ал.

Мындан тышкары, Ибраева сугат учурунда тынымсыз иштеген насостук агрегаттарды алмаштыруубоюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал суунун аз болушуна байланыштуу сугат учуру башталганга чейин бардык суу сактагычтарды толтуруу үчүн Суу ресурстары кызматынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери башталганын билдирди.

2023-жылы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 9356 млн сом бөлүнүп, төмөнкү иштер аткарылган:

- 634,7 км каналды оңдоо, бетондоо жана тазалоо;
- 683 гидротехникалык курулмаларды оңдоо;
- 275 гидрометр постторун оңдоо;
- күнүмдүк жөнгө салынуучу 8 бассейнди оңдоо;
- 105 насостук станцияларды оңдоо;
- 172 насостук агрегаттарды оңдоо жана алардын 23ү алмаштырылган;
- 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактарды механикалаштырылган тазалоо жүргүзүлүп, натыйжада 4 миң 472 га сугат жердин мелиоративдик абалы жакшырган.

Пикир

Оставить комментарий