• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окуучулар арасындагы Улуттук олимпиаданын IV этабы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде мектеп окуучуларынын Улуттук олимпиадасынын IV (республикалык) этабы өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл үчүнчү жылы өтүп жаткан олимпиадага беш предметтен 144 окуучу катышууда.

Математика, химия, биология, информатика боюнча олимпиада “Ала-Тоо” эл аралык университетинин базасында, физика боюнча олимпиада Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Олимпиаданын жүрүшүнө көз карандысыз байкоочулар көз салып, түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Олимпиада жыл сайын төрт баскычта өтүп, I, II этап онлайн, III, IV этап офлайн түрүндө болот.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын командасын түзүү жана аларды эл аралык олимпиадага катышууга даярдоо максатында 2019-2020-окуу жылынан баштап физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча альтернативалык олимпиада өткөрүп келет. Пилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталып, 2022-жылы ага Улуттук олимпиада макамы берилген.

Пикир

Оставить комментарий