• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024. Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.

Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшүп, ага 9:3 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык спортчу Эстер Колаволени, чейрек финалда америкалык Кайл Мираклды жеңген болчу.

Эми үчүнчү орун үчүн беттеште кыргыз балбаны монголиялык Орхон Пуревдорж менен кез келет.

Пикир

Оставить комментарий