• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жаш гимнасттар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызстандык жаш гимнасттар "Гран-При. Алина Кабаеванын Кубогу-2024" аталышындагы көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 13-17-март күндөрү Москва шаарында өттү. Анда Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы (юниорлор, пред-юниорлор жана сеньорлор) улуттук курама командасы алдыңкы орундарды багындырышты.

өспүрүмдөр арасында (юниорлор) "жеке программада":

2-орун – Аркатова Злата;
3-орун – Арина Газиева, Аркатова Злата.

Спортчулардын машыктыруучулары Сабина Ибраимова жана Аделина Шаяхметова.

өспүрүмдөр (юниорлор) категориясында:

1-орун – Айым Токушова, Амина Жунусова, Аэлина Каныбекова, Адель Исхазова, Нурайни Шакирова;

Пред-юниорлор (6 жаш):

2-орун – Анель Тургунбекова;
3-орун – Даткайым Жузупбекова.

топ менен көнүгүү боюнча (А категория):

3-орун – Серая Карина.

көпчүлүк мелдеш түрү боюнча (многоборье):

3-орун – Яровая София;
3-орун – Асел Арапова.

Ошондой эле тайпалык көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы менен "Ынтымак" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин командасы коло медаль, "Спорт чеберлери" программасы боюнча үч күмүш медалга ээ болушту. Машыктыруучулары Жаңыл Кайназарова жана Элина Ратинова.

Командалык эсепте Удодова Александра, Джангирова Самира жана Аркатова Злата коло медалдарга татып, 3-орунду ээлешти.

Мындан сырткары, сеньорлор арасында Альбина Козубаева дагы катышып алдыңкы сегиздикке кирди.

Пикир

Оставить комментарий