• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу атаандашынан жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 28.07.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгып, атаандашынан жеңилип калды.

Ал 1/16 финалда 66 кг салмак категориясында украиналык спортчу, 2022-жылдагы Европа чемпиону Богдан Ядов менен кез келди.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий