• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Олимпиада-2024: Кыргызстандык дзюдочулар менен боксчунун атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеров (90 кг), Кубанычбек Айбек уулунун (66 кг) жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандаштары белгилүү болду.

25-июлда Парижде чүчү кулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1\16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.

Дагы бир кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 1\16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынаша турган болду. Ал беттешке 28-июлда чыгат.

Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы Куба өлкөсүнүн мушкери Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болот. Мунарбек беттешин 28-июль күнү өткөрөт.

Мындан сырткары, Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарында Денис Петрашов биринчи болуп 27-июль күнү 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.

Белгилей кетсек, Францияда XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт

Пикир

Оставить комментарий