• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Олимпиада-2024: Кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метрди брасс ыкмасы менен сүздү.

Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышып, алар 4 топко бөлүнүп жарышты. Петрашов үчүнчү жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,99 секундада келди. Муну менен ал өз тобунда 6-орунду ээледи.

Жалпы 25 катышуучунун жыйынтыгы боюнча, Денис Петрашов 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Жарым финалдык жарыштар 30-июлдан 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:59да башталат.

Буга чейин Денис Петрашов 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий