• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Оливер Стоун Назарбаев тууралуу сегиз сааттык документалдык тасма тартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.21./Кабар/. Америкалык белгилүү режиссёр Оливер Стоун Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу "Qazaq. Алтын адамдын тарыхы" деп аталган алты сааттык документалдык тасма тартты. Бул тууралуу режиссёр өзү социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазып, тасманын эки мүнөттүк трейлерин жарыялады.

Билдирүүдө Стоун бул тасманын премьерасына катышуу үчүн Казакстанга бара жатканын жазган. Анын айтымында, Нур-Султанда тасманын кыскартылган эки сааттык гана үзүндүсү көрсөтүлөт. Анда Казакстандын туңгуч президенти балалык кези жана Советтер Союзунун урашы тууралуу эскерет.

Оливер Стоун – америкалык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер. "Оскар" сыйлыгынын үч жолку ээси.

2017-жылы ал "Путин менен маек" деп аталган эки сааттык документалдык тасмасын жана китебин чыгарган. Анда Орусиянын президенти Донбасста кыйроого учураган малайзиялык "Боинг" учагы тууралуу да кеп кылып, ал кулаган маалда Киев аэропортундагы “испан тектүү” диспетчер MH17 каттамынын жанынан украиналык согуштук учакты көргөнүн айткан. Бирок чынында аэропортто андай диспетчер эч качан болгон эмес.

Мындан тышкары Стоун Фидель Кастро тууралуу үч документалдык тасма тартып, түрдүү жылдары латын америкалык диктаторлор менен чоң-чоң маектерди уюштурган.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдан 2019-жылга чейин башкарган. Батыш өлкөлөрү аны адам укуктарын бузууга жана жарандарын “бир адамга сыйынууга” чейин жеткирүүгө айыптап келишкен. Назарбаевдин тушунда Казакстан сөз эркиндиги жана демократиянын өнүгүшү боюнча рейтингдерде дайыма акыркы орундарга жайгашып турган. Бүгүнкү күндө ал Казакстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын төрагасы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий