• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Опера жана балет театры күзгө чейин ачык асман алдында концерт коет. Программа

Маданият 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жамааты 31-августка чейин ачык асман алдында концерттерди уюштурат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Июль жана август айларында шаар тургундары жана коноктору үчүн опера солисттерининь аткаруусунда дүйнөлүк жана улуттук классика жаңырат. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиялык номерлерди тартуулашат.

Ачык асман алдындагы концерттер саат 19:30да башталат.

Программа:

Фортепиано астында опера солисттеринин концерти — 2, 6, 13, 20, 27-июль жана 3, 10, 24, 31-август күндөрү.

Кылдуу камералык оркестрдин концерти — 1, 5, 12, 19, 26-июль жана 2, 9, 16, 23, 30-август күндөрү.

Опера жана балет солисттеринин концерти — 7, 8, 14, 15, 21, 22, 28, 29-июль жана 4, 5, 11, 12, 18, 19, 25, 26-август күндөрү.

Опера жана балет театрынын жалпы жамааты көрүүчүлөрдү көчө концертине чакырат.

Пикир

Оставить комментарий