• 87
  • 89.63
  • 0.85

Орунбеков "Мейкин" сыйлыгы тууралуу: Сынактын жеңүүчүлөрү көз карандысыз комиссия тарабынан тандалды

Коом 0


Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, "Мейкин" сыйлыгынын сынагына катышкандардын материалдары кандайча тандалып алынганын айтып берди.

Анын айтымында, сынактын жеңүүчүлөрү көз карандысыз комиссия тарабынан тандалды.

"Комиссия 11 мүчөдөн турат. Экөө мамлекеттик органдардын өкүлү болсо, калгандары көз карандысыз эксперттер жана жеке маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Сыйлык президент тарабынан негизделген. Анын негизги максаты - журналистттерге стимул берүү, уникалдуу, сапаттуу жана кызыктуу материалдарды жасоого шарт түзүү. Сыйлыктын жеңүүчүлөрүн тандоодо биздин алдыбызга көз карандысыз тандоо жүргүзүү жана комиссиянын иштөөсүнө бардык шарттарды түзүү милдети коюлган. Калыс жана объективдүү сынак өткөрүү биздин негизги принцибибиз болду", - деди ал.

Орунбеков белгилегендей, мамлекеттик, жеке маалымат каражаттарынан, ошондой эле блогерлер тарабынан көптөгөн материалдар келип түшкөн. Эч кандай өзгөчөлүктөр же чектөөлөр болгон жок.

"Социалдык тармактарга билдирүү жазып, ал билдирүүгө шилтеме берген учурлар болду. Бирок алар материал катары каралган жок, калгандарынын баары комиссиянын кароосунан өттү. Албетте, ар бир журналист өз ишин сапаттуу деп эсептейт, бирок комиссия эң татыктуу делгендердин тандады", - деди Орунбеков.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси мындан ары сыйлык жыл сайын бериле турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий