• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөр арасында акыркы убакта “дарыкана наркоманиясы” деп аталган баңгизатка көз карандылыкка алып келүүчү күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын колдонууну жоюу максатында ыкчам-профилактикалык иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Рейддин жүрүшүндө "Ош" базарынын жана "Берекет-Универсал" ЖАКтын аймагында жеке жактар тарабынан лицензиясыз ишкердик жүргүзүү жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

Рейд учурунда мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан ишкерлердин бири саюучу-кесүүчү буюм (ашкана бычагы) менен департаменттин кызматкерлерине кол салган. Бул боюнча 102 номерине кабарлап, милиция кызматкерлери чакырылып, аталган департаменттин кызматкерлери мыйзам бузган Ош базарынын жана "Берекет-Универсал" ЖАКтын сатуучуларына тиешелүү чара көрүү боюнча арыз жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий