• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто Түркиядан мыйзамсыз ташылып келаткан 6,6 млн сомдук дары аныкталды

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Ошто Түркиядан аткезчилик менен ташылып келе жаткан 6 млн сомдук дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажкы кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери менен биргелешипбажы мыйзамдарын бузууну көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктү аныкташкан.

Ошентип, "Стамбул-Ош" аба каттамында келе жаткан Өзбекстандын жараны Э.А.Р.нын коштолгон жүгүндө дары-дармек товары аныкталган.

"КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 6 млн 634 миң 759 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты тиешелүү органдарда каттоого алынды. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда Ош облустук сотунун өндүрүшүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий