• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Министр Жаныбеков айыл чарбасын каржылоо долбоорлору тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. “Айыл чарбасын каржылоо – 10” жана агроөнөр жай комплексин колдоо долбоору боюнча дыйкандарга каржылык колдоо көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча жалпы 6 млрд 210 млн сом бөлүнгөн, анын 4 млрд 851 млн сому 6 пайыздык үстөк менен 9 миң 537 дыйканга насыяга берилди. Дыйкандар аталган долбоор боюнча насыяны эки мамлекеттик “РСК банк” , “Айыл банк” жана сегиз коммерциялык банк аркылуу ала алышат.

“Мындан тышкары, агроөнөр жай комплексин колдоо максатында, башкача айтканда класстер долбооруна 10 млрд сом каралган. Анын ичинен 3 млрд 400 млн сом каражат РСК жана “Айыл банк” банктарга бөлүндү. Бул каражат учурда дыйкандарга 6 пайыз менен 300 млн сомго чейин күрөөсүз, ал эми 300 млндон жогору күрөөсү менен берилип жатат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий