• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акын Алтынай Темирова Медельин эл аралык поэзия фестивалына катышты

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Акын, драматург жана котормочу Алтынай Темирова Колумбиянын Медельин шаарында өткөн эл аралык поэзия фестивалына катышты.

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 16-июлуна чейин болуп өттү. Медельин эл аралык поэзия фестивалына 5 континенттин ар кыл өлкөлөрүнөн 60 акын катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз акыны сөз сүйлөп, ырларын окуп, ошондой эле Медельин китепканасына, университетине орус жана немис тилдеринде басылып чыккан ыр жыйнактарын белекке берди.

Ошондой эле кыргыз акыны Алтынай Темирова Венесуэланын Каракас шаарында өткөн Акындардын дүйнөлүк конгрессине да катышты.

Пикир

Оставить комментарий