Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында документтердин мыйзамсыз жок кылынганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 8-январындагы "Турмуш" интернет сайтына "Ош шаарынын мэриясынын архивиндеги жарандардын жеке маалыматтары таштандыдан табылды" аталышындагы макала жана видеотасма жайгаштырылып, анда Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба башкармалыгынын бузулган имаратынын урандыларынын арасынан иш кагаздар жана жарандардын персоналдык маалыматтарын камтыган документтер табылгандыгы чагылдырылган.
Ошол эле күнү Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгына тийиштүү чараларды көрүү боюнча кат жиберилип, жыйынтыгы менен 2025-жылдын 9-январында Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчилигине, КР Укук бузуулар кодексинин 402-беренесинин негизинде архивдик документтерди мыйзамсыз жок кылуу фактысы боюнча 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан сырткары, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жогоруда белгиленген окуяларга жол бербөө максатында, 2025-жылдын 10-январында Ош шаарынын мэринин наамына сунуштама келтирилип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат.
Ошондой эле бул фактыга түздөн түз катыштыгы бар мэриянын жана коммуналдык чарба башкармалыктын кызматкерлеринин аракеттерине карата юридикалык баа берүү үчүн материалдар Ош шаарынын прокуратурасынын маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүү үчүн Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жиберилип, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий