Ош милициясынын алдыдагы майрамдарга карата даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгында жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда милиция кызматкерлеринин 31-август - Эгемендүүлүк жана 1-сентябрь - Билим күнүнө карата облус аймагында өткөрүлүүчү салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.

Аталган саптык кароодо ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилди.

Саптык кароо өткөрүүнүн максаты - милиция кызматкерлеринин майрам учурунда сырткы келбетине, кызматтык форманы белгиленген стандарттарга шайкеш кийип жүрүүсү жана мыйзамдардын так аткарылуусун камсыз кылууда өздүк курамдын даярдыгын көздөн өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий