Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Ош шаарындагы баасы 18 млн доллардан ашык "Ош-Нуру" мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына Ош шаарында жайгашкан болжолдуу баасы 18 млн доллардан ашуун 0,8 Га жер тилкеси бар "Ош-Нуру" мейманкана комплекси өткөрүлүп берилди.
Учурда УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий