• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ош облусунда 3 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлдү – Мамкурулуш

Аймак 0


Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Ноокат районунун Караке айылындагы 150 орундуу Б.Абдиев атындагы мектеп;
  • Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;
  • Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча.

Белгиленгендей, аталган билим берүү мекемелери окуу жылынын башталышына карата окуучуларга жана бөбөктөргө эшигин ачууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий