Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 22-октябрда саат 19:46да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3.5 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий