• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ: Күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт чектөөгө алынды. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана Штаб тартылган.

Белгилей кетсек, өрт кафеден чыккан эмес, анткени ӨКМ кызматы алгач алдын ала маалыматтарга таянып, тилсиз жоо Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден чыккандыгы тууралуу маалымат тараткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий