• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда милиция кызматкерлери үчүн үч күндүк семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. 16-18-ноябрь күндөрү Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматкерлерине "Үй-бүлөдөгү зомбулук коркунучун баалоо. ODARA анкетасын адаптациялоо жана практика жүзүндө ишке ашыруу” темасында үч күндүк семинар-тренинг болуп өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиргендей, аталган семинар-тренинг Фридрих Эберт фондунун өкүлчүлүгүнүн каржылык колдоосунун негизинде ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан уюштурулган.

"Семинар-тренингге 25 катышуучу катышып, сертификат алышты, алар: милициянын аймактык тескөөчүлөрү, балдар менен иштөө инспекторлору жана ошондой эле социалдык кызматкерлер. Бул тренингдин алкагында катышуучулар "Аялдарга жана балдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу" темасында КРнын жалпы мыйзамдары, Ички иштер министрлигинин буйруктары жана тескемелери боюнча билимге ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, семинар-тренингдин негизги максаты- үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө профилактикалык субъекттердин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө комплекстүү мамилени иштеп чыгуу болуп саналат.

Иш-чаранын соңунда милиция кызматкерлери жана башка катышуучулар практикалык тажрыйба алып, окуу семинар-тренингинин аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий