Ош облусунда райондун акимдерине 7 кызматтык унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 25- февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош облусундагы 7 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти- Болотбек Узакбаев жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Данияр Жаныкулов тапшырды.

Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий