• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто үйдү мыйзамсыз курган эки компания аныкталып, кылмыш иш козголду

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Ош шаардык прокуратура тарабынан шаар ичинде курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө “Д.С.” ЖЧКсы Ош шаарынын Ленинабад көчөсүндөгү жер тилкеге жана “К.С.И.” ЖЧКсы А.Шакиров көчөсүндөгү жер тилкеге көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок туруп, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жатышкандыгы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен эки кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан текшерүүлөр улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий